Петер Сийярто мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө Түркияга жардам берүү керектигин айтты

Петер Сийярто ЕБ «мыйзамсыз миграцияны колдоонун ордуна» Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы коопсуздук, экономика жана саламаттыкты өнүктүрүү программаларын колдоо керектигин белгиледи.

1767554
Петер Сийярто мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө Түркияга жардам берүү керектигин айтты

Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө Түркияга жардам берүү керектигин айтты.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышкан Петер Сийярто, Европа Биримдигинин Африка жана Жакынкы Чыгыш саясаттарын түп-тамырынан бери өзгөртүүсү керектигин, антпесе ЕБ бул аймактарда күчүн жогото турганын айтты.

Петер Сийярто Евробиримдик дагы сириялык жана ливиялык качкындардын өз өлкөлөрүнө кайтып келишин камсыздоо жана мыйзамсыз мигранттардын жаңы толкундарынын алдын алуу үчүн иштеши керектигин белгиледи.

Министр Сийярто: «Түркияга көбүрөөк сириялыктар өз үйлөрүнө кайтуусу үчүн жардам бериш керек. Түркия иммигранттардын жаңы толкундарына туш болсо, 2016-жылы жетишилген миграциялык келишимди сактап калуу кыйын болот»,-деп айтты.

Петер Сийярто ошондой эле ЕБ «мыйзамсыз миграцияны колдоонун ордуна» Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы коопсуздук, экономика жана саламаттыкты өнүктүрүү программаларын колдоо керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар