Россияда бир сутка ичинде Ковид-19дан 1178 адам каза болду

Россиянын Коронавирус менен күрөшүү борбору акыркы 24 сааттагы Ковид-19 көрсөткүчтөрүн бөлүштү жана өлкөдө жаңы рекорд катталды.

1728164
Россияда бир сутка ичинде Ковид-19дан 1178 адам каза болду

Россияда акыркы 24 саатта 1178 адам коронавирустан (Ковид-19) каза болсо, бул сан эпидемия башталгандан бери катталган эң жогорку өлүм болду.

Россияда Ковид-19 учурларынын жана каза болгондордун санынын көбөйүшүнө байланыштуу 28-октябрдан 7-ноябрга чейин 11 күндүк жарым-жартылай жабылуу чечими кабыл алынып бул процессте оорулардын санынын бираз азайганы байкалган.

Россиянын Коронавирус менен күрөшүү борбору акыркы 24 сааттагы Ковид-19 көрсөткүчтөрүн бөлүштү жана өлкөдө жаңы рекорд катталды.

Борбордун маалыматына караганда, өлкөдө акыркы 24 саатта Ковид-19дан 1178 адам каза болуп, бул сан эпидемия башталгандан бери катталган эң жогорку көрсөткүч болду. Өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 240 миң 871ге жетти.

Россияда каза болгондордун санында өсүү жана рекорддук көрсөткүч байкалганы менен жуктургандардын санынын азайышы уланууда.



Тектеш кабарлар