АКШ : "Тель - Абяд жакындарында Аль Каиданын жетекчиси өлтүрүлдү"

Аль Каиданын жетекчилеринен Абдүлхамид ел  -  Матардын өлтүрүлгөндүгү жарыяланды.

1723789
АКШ : "Тель  -  Абяд жакындарында Аль Каиданын жетекчиси өлтүрүлдү"

Сириянын Тель - Абяд районуна караштуу Сулук шаарына жакын жерге   абадан кол салууда Аль Каиданын жетекчилеринен Абдүлхамид ел  -  Матардын өлтүрүлгөндүгү жарыяланды.

АКШнын Борбордук күчтөр командирлигинен берилгенжазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын Сириянынтүндүк-батышында жасаган абадан кол салуусундаАбдүлхамид ел-Матардын өлтүрүлгөндүгүн белгилеп : «MQ-9 моделиндеги учкучсуз аба аппараты менен жасалган кол салууда жарандык жоготууларга байланыштуу эч бир маалыматыбыз жок»,- деп билдирилди.

Маалыматта Аль Каиданын АКШ жана союздаштары үчүн коркунуч туудурууну улантып жаткандыгы белгиленип : "Аль Каида Сирияны калыбына келтирүү, башка уюмдар менен координациялоо жана чет өлкөлөргө операцияларды пландаштыруу үчүн коопсуз жай катары колдонууда. Аль Каида Сирияны Сирия, Ирак жана андан аркы коркунучтар үчүн база катары колдонууда",- деп белгиленди.



Тектеш кабарлар