Япониядагы нөшөр

Метеорология агенттиги эскертүү берди.

1688456
Япониядагы нөшөр

Японияда нөшөрлөп жааган жамгыр жана катуу шамалдан кийин миңдеген кишилерге эвакуация боюнча эскертүү берилип, поезд каттамдары токтотулду.

Метеорология агенттиги (JMA) катуу жамгыр жаап жаткан Хоккайдо, Аомори, Ивате жана Гифу провинцияларын жер көчкү тууралуу эскертти.

Агенттик шамалдын ылдамдыгы Хоккайдодо саатына 90 километрге, Тохоку менен Хокурикуда 80 чакырымга жетерин кабарлады.

Коомдук телерадиокомпания NHK, Иватеде 2 миң 405, Аомориде 8 миң 399 жана Хоккайдодо 1 миң 204 адамга эвакуация боюнча эскертүүлөр берилгенин билдирди.

Япониянын Чыгыш темир жолдору да өлкөнүн батышында тынымсыз жүргөн Токайдо линиясында кээ бир поезд каттамдарынын токтотулганын маалымдады.


Этикеткалар: #эвакуация боюнча

Тектеш кабарлар