АКШда вакцинацияга каршы бир адам Ковид - 19дан каза тапты
Стивен Хармон Ковид - 19 менен ооругандан мурда соцтармактан берген билдирүүсүндө : «Көптөгөн маселем бар жана вакцина алардын бирөөсү эмес»,- деген.
1679951
АКШда 34 жаштагы вакцинацияга каршы адам Ковид - 19дан каза болду.
Стивен Хармон Ковид - 19 менен ооругандан мурда соцтармактан берген билдирүүсүндө : «Көптөгөн маселем бар жана вакцина алардын бирөөсү эмес»,- деген.
Хармон ооруканада дарыланып жатып, кычкылтек аппаратына туташтырылган сүрөтүн жарыялаган жана айыгуусу үчүн дуа кылууларын суранган. Бул билдирүүсүнөн 3 күндөн кийин каза болду.
Хармон дарыланган оорукана маалымат берди. Маалыматта коронавирус жуктургандардын жарымына жакынынын вакцина албаган адамдар экендиги белгиленди.