Израилдин премьер - министри Бахрейнге сапар менен барат

Нетаньяху сапары тууралуу күн белгилеген жок.

1533353
Израилдин премьер  - министри Бахрейнге сапар менен барат

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху өлкөсү менен карым  - катнаштарды калыбына келтирүү келишимине кол койгон Бахрейнге «жакында» сапар менен барарын айтты.

Нетаньяху соцтармактан берген билдирүүсүндө Бахрейндин мураскер принци жана премьер  - министри Селман бин Хамад бин Иса Ал Халифе менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүдө Ал Халифенин өзүн Бахрейнге чакыргандыгын билдирген Нетаньяху «жакынкы» учурда Манамага барарын айтты. Нетаньяху сапары тууралуу күн белгилеген жок.

Бир тараптан Израилдин тышкы иштер министри Габи Ашкеназинин расмий сапарынын негизинде келерки жумада Бахрейнге барары билдирилди.

Израиль менен Бахрейн 15 -  сентябрда АКШда Ак үйдө болгон аземде карым  - катнаштарды калыбына келтирүү келишимине кол койгон.

 



Тектеш кабарлар