Арменияда коргоо министри кызматтан кетти

Армениянын коргоо министри Давит Тоноян кызматтан кетти.

1531337
Арменияда коргоо министри кызматтан кетти

Армениянын коргоо министри Давит Тоноян кызматтан кетти.

Армениянын Тоолуу Карабахтагы жеңилишинин жаңырыгы улантылууда.

Ереван бири биринин артынан келген  отставкалар менен термелүүдө.

Акыркы болуп Армениянын коргоо министри Tоноян кызматтан кеткендигин жарыялады.

Тоноян 2018 - жылдан бери коргоо министри кызматын аткарып келе жаткан.

Азербайжан жерлерин көптөгөн жылдардан бери оккупацияга алган Армения акыркы мезгилде кол салууларда болуп, жарандарды бутага алган.  

Баку башкаруусунун өз жерлерин оккупациядан бошотуу үчүн баштаган операциясынан кийин Армения жеңилүүгө учурады.

Жеңилүүнү кабыл алган Ереван башкаруусу ички коомдук пикирден оор сындарды ала баштады.



Тектеш кабарлар