АКШдан ЙПГ/ПККга акчалай жардам берилди

Ишеничтүү булактардан алынган маалыматка караганда АКШлык жооптуу кызматкерлер, сөз болгон мыйзамдан таасир албаш үчүн ЙПГ/ПККга 21 миллион доллар накталай акча жардамын берди.

1443900
АКШдан ЙПГ/ПККга акчалай жардам берилди

Сирияда Асад режими менен жактоочуларына санкцияны сунуштаган Цезарь менен катар Сирияда жарандарды коргоо мыйзамын 17-июнда күчүнө киргизген АКШ, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга колдоо көрсөтүүдө.

Ишеничтүү булактардан алынган маалыматка караганда АКШлык жооптуу кызматкерлер, сөз болгон мыйзамдан таасир албаш үчүн ЙПГ/ПККга 21 миллион доллар накталай акча жардамын берди.

Мыйзамдын күчүнө киришинен бир күн өткөн соң материалдык колдоо менен жеңилдей түшкөн террордук уюм, басып алуусу астындагы аймактарда төлөгөн айлыктарына 150 пайыздык кошумча жасады.

Булактар, бул жардамдардын бир гана жолу болбой турганын белгилеп, АКШлык жооптуу кызматкерлердин террордук уюмдун муктаждыгы болгон учурунда ушундай эле колдоону камсыздоонун убадасын бергенин баяндады.

Уюмга жардам темасы суралган АКШнын баштаган ДЕАШ менен күрөшүү боюнча эл аралык коалициянын катчылыгы, бул теманын АКШнын Мамлекеттик катчылыгынан суралышы керектигин билдирди. АКШнын Мамлекеттик катчылыгы болсо бул темага эч тиешеси болбогон жалпы мүнөдөгү маалыматты берди.

Коалицияга кайрадан «СДКга (ЙПГ/ПКК) түздөн-түз жардам бердиңизби?» деген суроого катчы полковник Майлс Каггинс, СДК атын колдонгон ЙПГ/ПККга жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) чара көрүү жана медициналык жардам үчүн 1,2 миллион доллар бергендерин белгиледи.

Майлс Каггинстен «Айлар мурда медициналык жардам эмес Цезарь мыйзамынын себебинен накталай акча жардамын бердиңизби?»-деп суралганы боюнча процесске АКШнын Мамлекеттик катчылыгы кирди. Министрлик өздөрү уюмга кандайдыр бир материалдык жардам бербегендерин билдирди.

Ушундайча АКШ баштаган коалиция, акыркы накталай акча жардамы тууралуу түздөн-түз жана так ачыктоо жасоодон баш тартты.



Тектеш кабарлар