Англия Сирия режими менен Орусияга каршылык көрсөттү

Клеверли: «Идлибдеги кол салуулар үрөйдү учуруучу»

1363693
Англия Сирия режими менен Орусияга каршылык көрсөттү

Англиянын Жакынкы Чыгыш боюнча жооптуу мамлекеттик министри Жеймс Клеверли, кечээ Сириянын Идлиб шаарында түрк аскерлеринин шейит кылынышын «үрөйдү учуруучу» деп сыпаттап, Асад режими жана колдоочусу Орусиядан кол салууларын токтотуусун талап кылды.

Клеверли социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Идлибдеги адамзаттык абал коркунучтуу жана кабыл алынгыс»,-деп айтты.

Суук кышта режимдин кол салууларынын себебинен 1-декабрдан бери дээрлик бир миллион адамдын өз жеринен ажыраганын баса белгилеген Клеверли: «Күч колдонуу токтошу керек. Учурда режимдин Идлибдеги мыкаачылык кол салууларында дагы көп түрк аскери жана сириялык жарандын өлтүрүлүшү үрөйдү учуруучу», деди.

Клеверли режим менен колдоочусу Орусиянын ок атышпоону кабыл алуусу жана күчөгөн маселени токтотуусу керектигин да билдирди.



Тектеш кабарлар