Ливиядан Түркияга ырахмат айтылды

Улуттук ынтымак өкмөтүнүн Президенттик кеңешинин мүчөсү Мухаммед аль-Аммари Зайид, «Принциптүү позициясы жана колдоосу» үчүн Түркияга ырахматын айтты.

1356324
Ливиядан Түркияга ырахмат айтылды

Ливиянын эл аралык жактан таанылган мыйзамдуу өкүлү Улуттук ынтымак өкмөтүнүн Президенттик кеңешинин мүчөсү Мухаммед аль-Аммари Зайид, «Принциптүү позициясы жана колдоосу» үчүн Түркияга ырахматын айтты.

Улуттук ынтымак өкмөтүнүн жазуу түрүндөгү жарыясында, Зайид жана Түркиянын Триполидеги элчиси Серхат Аксенин кечээ борбор шаар Триполидеги Премьер-министрлик имаратында жолукканы белгиленди.

Анда, Зайид жана Аксенин «эки тараптуу карым-катнаштар, Ливиядагы саясий жана аскердик абал, Женевадагы туруктуу ок атпоо үчүн 5+5 жолугушуусу, «Ливия» темалуу экономикалык жана саясий сүйлөшүүлөр» темаларын карап чыккандары маалымдалды.

Зайид, жолугушууда Улуттук ынтымак өкмөтүнүн «бүгүн абдан дагы күчтүү жана кол салууларды жеңип чыгып бүтүндөй Ливиянын жерин артка кайтарып ала тургандай абалда болгонун» айтты.

Ливиянын чыгыш жагындагы расмий эмес куралдуу топтордун лидери Халифе Хафтер орун алган көрүнүштө саясий чечүүчү жол табуу аракеттеринин ишке ашпай турганын баса белгилеген Зайид: «Хафтер жана аны колдогон өлкөлөрдүн саясий чечүүчү жол табууга ишенбегендерин, эл аралык жыйналыштарга катышып бир гана убакыт утууну максаттагандарын»,-айтты.

Зайид, Түркиянын Лвияга колдоосу жана Анкаранын Ливия маселесинде «жарандардын, борбор шаардын жана мамлекеттик мекемелердин корголушу» үчүн принциптүү турушунан улам элчи Аксенге ырахмат айтканы билдирилди.

Элчи Аксендин болсо жолугушуу убагында, «Улуттук ынтымак өкмөтүнүн укуктуу талаптарына ылайыктуу түрдө туруктуу ок атпоонун камсыздалышы жана Ливияда тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздашы үчүн Улуттук ынтымак өкмөтү менен кызматташтык кылып, координациялуу түрдө иш жүргүзгөндөрүн» баса белгилени маалымдалды.



Тектеш кабарлар