Нигерияда качырылган 19 кишилик экипаждын ичинде бир түрк да бар

Гине булуңунда каракчылар тарабынан акча үчүн качыруу окуялары бат  - бат болуп турат.

1328913
Нигерияда качырылган 19 кишилик экипаждын ичинде бир түрк да бар

Нигерияга жакын жерде бир нефть танкери каракчылардын кол салуусуна учурап, качырылган 19 кишилик экипаж куткарылды. 19 кишинин ичинде бир түрк да бар.

Грек жүк ташуу фирмасы Navios Tanker Management тарабынан берилген маалыматта : «Качырылган экипаж эркин коё берилди. Азыр коопсуз жана медициналык текшерүүдөн өтүштү»,- деп билдирилди.

Фирма башкаруусу акча үчүн качырылган моряктардын кандай куткарылгандыгы, акча берип же бербегендиги тууралуу маалымат берген жок.

Нигериянын Гине булуңундагы Бонни аралынын жакындарында 3 -  декабрда кол салууга учураган танкерден бирөөсү түрк, 18 киши индиялык болгон 19 кишилик экипаж качырылган. Гине булуңунда каракчылар тарабынан акча үчүн качыруу окуялары бат  - бат болуп турат.

 

 



Тектеш кабарлар