12 миллион бала чукул гуманитардык жардамга муктаж

ЮНИСЕФтин Йемен боюнча өкүлү "Дүйнөлүк балдардын укуктары күнүнөн" улам өз билдирүүсүн жарыялады.

1309225
12 миллион бала чукул гуманитардык жардамга муктаж

Йеменде орто эсеп менен 12 миллион бала чукул гуманитардык жардамга муктаж.

БУУнун Балдарга жардам фондунун (ЮНИСЕФ) Йемен боюнча өкүлү Сара Бейсолов Ньянти, 20-ноябрь Дүйнөлүк балдардын укуктары күнүнөн улам жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүдө БУУнун Башкы ассамблеясы кол койгон Балдардын укуктары жөнүндөгү келишимге карабастан Йемендин балдар үчүн дүйнөдөгү эң жаман өлкөлөрдүн бири экенин айтты.

Уланып жаткан кагылышуулардын өлкөнүн жалпысындагы коомдук кызматтын кыйрашына алып келгенин баса белгилеген Ньянти, Йеменде орто эсеп менен 12 миллион б.а дээрлик ар бир баланын чукул гуманитардык жардамга муктаж экенин билдирди.

Ньянти өзгөчө йемендик кызматкерлер менен бирге бардык тараптардын балдарга карата берген убадаларын орундатпагандарын эске салды.

БУУнун Башкы ассамблеясы Балдардын укуктарына карата келишимге кол койгон 1989-жылдын 20-ноябрынан бери жыл сайын 20-ноябрь «Дүйнөлүк балдардын укуктары күнү» деп белгиленип келет.



Тектеш кабарлар