Австрияда тамеки тартууга тыюу салынды
Тамеки тартууга тыюу салган долбоор парламенттен өттү.
Австрияда ресторан, кафетерия сыяктуу жабык жерлердин баарында тамеки тартууга тыюу салган долбоор парламенттен өттү.
Парламенттин башкы кеңешинде сөз болгон тамеки тартууга тыюу салуу, парламентте орундугу болгон беш партиядан төртөөсүнүн добушу менен кабыл алынды. Долбоорго тамак - аш секторуна таасирин тийгизет деген негиз менен бир гана ашыкча оңчул Австрия эркиндик партиясы каршы чыкты.
1 - ноябрда ишке кире турган тыюу салуу түрдүү тамеки менен бирге электрондук чылым жана башкаларды камтууда. Жаңы мыйзам менен тамеки тартууга боло турган ресторан жана кафетерия сыяктуу жабык жерлердин баарында тамеки тартууга тыюу салынат.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.