Реисинин жаназа намазын Хаманей окутту

Чектелген сандагы кишинин киришине уруксат берилген намаз аянтына кирүүнү каалаган миңдеген киши университеттин каалгасында күттү.

2143007
Реисинин жаназа намазын Хаманей окутту

19 - майда тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Реиси, тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян жана башка жетекчилер үчүн борбор шаар Тегеранда жаназа намазы окулду.

Чектелген сандагы кишинин киришине уруксат берилген намаз аянтына кирүүнү каалаган миңдеген киши университеттин каалгасында күттү.

Намаздан кийин Азади аянтында боло турган жаназа зыйнатына катышууну каалаган жүз миңдеген киши да университеттин жанындагы Инкылап аянтында жана аймакка чыккан жолдордо чогулушту. 

Калың элдин  көбөйүшү жана басууда кыйынчылыктын чыгышынан улам кызматкерлер элди Азади проспектисинен жаназа зыйнаты өтө турган Азади аянтына багыттады. 

Ошол эле учурда өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн  көңүл айтуусу кабыл алынды.

Кабыл алууга Түркиядан вице  - президент Жевдет Йылмаз менен тышкы иштер министри Хакан Фидан катышты. 

Йылмаз менен Фидан Ирандын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Мухаммед Мухбирге көңүл айтты.

Жевдет Йылмаз социалдык медиа эсебинен аземге байланыштуу билдирүүсүндө: «Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жана элибиздин Иран президентинин орун басары Мухаммед Мухбир жана Иран өкмөтүнүн жетекчилерине  кайгыруу менен көңүл айтып,  тилектештик сезимдерибизди билдирдик",- деди.  

Реисинин жаназасы Мешхед шаарына алып барылат, тышкы иштер минимстри Абдуллахияндын жаназасы көмүлө турган Тегеранда калат.

Жерге берүү процедуралары эртеңки жаназа зыйнатынан кийин ишке ашат.

 



Тектеш кабарлар