Орусиянын президенти В. Путин : "Орусия Венесуэлада база курууну пландабайт"

Путин Санкт Петербургда эл аралык маалымат агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушкан жыйында актуалдуу темаларга байланыштуу маалымат берди

1214566
Орусиянын президенти В. Путин : "Орусия Венесуэлада база курууну пландабайт"

Орусиянын президенти В. Путин Венесуэлага аскер жиберүүнү же ал жерге база курууну пландабагандарын белгилеп  : «Венесуэладагы орус аскердик адистер мындан мурда кол коюлган келишимдердин негизинде ал жерде»,- деди.

Путин Санкт Петербургда эл аралык маалымат агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушкан жыйында актуалдуу темаларга байланыштуу маалымат берди. Иран саясаты тууралуу АКШ менен Орусиянын түрдүү көз караштарга ээ экендигин белгилеген Путин : «АКШнын Иранга карата саясатына кошулбайбыз. Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимге байланыштуу суроолор болушу мүмкүн. Бирок буларды эмнеден сүйлөшпөйбүз? Андан мурда курулган бир нерсени толугу менен кулатуу менен чечүүчү жол табууга мажбур эмессиңер»,- деди.

Венесуэла тууралуу аскердик кийлигишүү сценарийлерин айыпташкандарын баса белгилеген Путин : «АКШнын союздаштары да аскердик кийлигишүүнү колдобой жатат. Башка өлкөлөрдүн ички иштерине аралашуу олуттуу жана кээде трагедиялуу жыйынтыктарга себеп болушу мүмкүн»,- деди.

Ливия жана Иракта болгондордун аскердик кийлигишүүнүн ыктымалдуу жаман жыйынтыктарга карата үлгү экендигин айткан Путин : «Билгениңиздердей тозокко кеткен жол жакшы ниет таштары менен төшөлгөн. Венесуэлада бардык тараптар жолугушуу менен кризиске саясий чечүүчү жол табышы керек. Орусия Венесуэлага аскер жиберүүнү же ал жерде база курууну пландабайт. Венесуэладагы Орусия аскердик адистери мындан мурда кол коюлган аскердик тазалык келишимдеринин негизинде ал жерде»,- деди.



Тектеш кабарлар