Британиядан Йеменге жардам

Британиянын премьер  - министри Тереза Мэй Йемен согушунан жабыркагандарга 200 миллион поунд жардам берди.

1152706
Британиядан Йеменге жардам

Британиянын премьер  - министри Тереза Мэй Йемен согушунан жабыркагандарга 200 миллион поунд жардам берди. Египеттин туристтик аймагы Шарм  еш  -  Шейхте өткөрүлгөн «Ырааттуулукта инвестиция» деген темадагы Европа Биримдиги  -  Араб Биримдиги саммитинде сөз сүйлөгөн Мэй Йемен кризисин акырына чыгаруунун бир гана жолунун саясий чечүүчү жолго баруу экендигин айтты.

Саясий чечүүчү жол үчүн олуттуу жолдун өтүлгөндүгүн бирок бул мүмүкүнчүлүктүн жакшы колдонулбагандыгын белгилеген Мэй азыркы учурдагы тынчтык келишимдерин туруктуу тынчтыкка айландыруу үчүн Стокгольм сүйлөшүүлөрүнүн ылдамдыгынан пайдалануу керектигин белгиледи.

Мэй Йемендеги согуштан жабыркагандарга 262 миллион доллар жардам убадасын берди.

Йеменде 4 жылдан ашуун убакыттан бери болуп келе жаткан кагылышууларда миңдеген киши каза болду. Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн арасында орун алган Йеменде согуштан улам күчөп бара жаткан кризис да коркунучтуу өлчөмгө жетти.

Йемендик тараптар БУУнун коргоосу астында Швециянын борбор шаары Стокгольмда 2018 -  жылы 6 – 13 -  декабрда өткөрүлгөн кеңешүү жыйындарында туткундарды алмаштыруу, Худейдеде ок атышпоо, порттор жана Таиз туурадлу келишимге кол койгон болчу.



Тектеш кабарлар