АКШда Орусиядан уран импорттоого тыюу салынды

АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

2139372
АКШда Орусиядан уран импорттоого тыюу салынды

АКШнын президенти Жо Байден Орусиядан байытылган уранды импорттоого тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кол коюлган мыйзам долбоору менен АКШнын өзөктүк сектордогу лидерлигин кайрадан орнотконуна басым жасады.

АКШнын жарандык атомдук энергетика тармагында Орусияга көз карандылыгын азайтуу аркылуу энергетикалык жана экономикалык коопсуздугун бекемдөө үчүн бир катар тарыхый чараларды ишке ашырганын айткан Салливан, бул мыйзамдын АКШнын энергетика тармагынын келечек муундар үчүн камсыздашына өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Салливан, «Байдендин талабы боюнча жакында АКШ Конгресси тарабынан бөлүнгөн 2,72 миллиард долларлык федералдык каражаттардын да жардамы менен АКШдагы байытуу потенциалыбыз тездейт жана өнөр жайга өзөктүк секторубуздун узак мөөнөттүү өсүшүнө умтулабыз деген ачык билдирүү жөнөтөт»,-деди.

Мыйзам долбоору күчүнө киргенден 90 күндөн кийин Орусиядан байытылган уранды алып кирүүгө тыюу салынат.



Тектеш кабарлар