Непалда сары безгек оорусу

Непалда жума сайын безгек оорусунан 50гө жакын жаңы учур катталды.

2139468
Непалда сары безгек оорусу

Непалда жума сайын сары безгек оорусунан 50гө жакын жаңы учур катталды.

"The Katmandu Postтун"  маалыматына караганда, Непалдын эпидемиология жана ооруларды көзөмөлдөө бөлүмү өлкөнүн 57 аймагында дсар безгек бейтаптарынын  аныкталганын билдирди.

Бөлүмдүн жетекчилеринен доктор Гокарна Дахал ар жума сайын орточо  50 кишинин сары безгек оорусун жуктургандыгын жана келерки күндөрдө сандын көбөйүшү мүмкүн экендигин белгиледи. 

Жыл башынан бери 1000ге жакын кишинин сары безгекке чалдыкканын кабарлаган жетекчилер  бейтаптардын 80 пайызында ачык симптомдор болбогондуктан, бул сандардын аныкталгандан дагы көп болушу мүмкүн экенин белгилешти.

Өткөн жылы болжол менен 52 миң адам жуктурган жана 20 кишинин өлүмүнө себеп болгон оору өлкөнүн 77 аймагына жайылган.

Тропикалык жана субтропикалык аймактарда пайда болгон сары безгек вирусу чиркейлер аркылуу адамдарга жугат. Негизинен инкубациялык мезгилден кийин жеңил температураны пайда кылган оору кээ бир учурларда өлүмгө алып келиши мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар