Нигерияда 4 журналист камоого алынды

Нигерияда 4 журналист улуттук коопсуздукка зыянын тийгизди деген негиз менен камоого алынды.

1120810
Нигерияда 4 журналист камоого алынды

 

Улуттук басма сөздө чыккан кабарларга караганда Daily Trust гезитинде иштеген 4 журналист террордук уюм Боко Харамга карата операциялар тууралуу берген кабарлар негиз катары көрсөтүлүп камоого алынды. Daily Trustтин башкы редактору Маннир Дан  - Али Анадолу агенттигине берген маалыматында Абуджа жана Маидугури шаарларындагы офистеринин аскерлер тарабынан басылгандыгын, 1 редактор менен 3 кабарчынын камоого алынгандыгын айтты. Дан  - Али аскерлердин офиске таандык көп сандаган компьютерди конфискациялагандыгын билдирди.

Камоого алынган журналисттерден кабар ала албагандарын белгилеген Дан  - Али камоого алынган журналисттердин өмүрүнөн тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Нигерия армиясы болсо журналисттердин жашыруун аскердик маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн камалгандыгын билдирди.

Нигерия армиясынын катчысы Сани Кукашека Усман да журналисттердин жашыруун аскердик маалыматтарды ачыкка чыгаруу менен улуттук коопсуздукка зыянын тийгизгендигин жактады.



Тектеш кабарлар