Украина : "Орусия Азов деңизиндеги Украина портторунун бир бөлүгүн ачты"

«Кемелер кире беришке карай алдыга жылып жана Украина портторуна карай Керч кысыгынан чыгып жатат»

1100206
Украина : "Орусия Азов деңизиндеги Украина портторунун бир бөлүгүн ачты"

Украинанын транспорт жана базис министри Владимир Омелян Орусиянын Азов деңизиндеги Украина деңиз портторунун бир бөлүгүн ачкандыгын айтты. Омелян Бердянск жана  Мариуполь портторунун бир бөлүгүнүн ачылгандыгын белгилеп : «Кемелер кире беришке карай алдыга жылып жана Украина портторуна карай Керч кысыгынан чыгып жатат»,- деди.

Украинанын Одесса портунан Мариуполь портуна баруу үчүн 25 -  ноябрь жекшемби күнү жолго чыккан 3 Украина аскердик кемесине Орусиянын жээк сууларын бузду деген негиз менен Азов деңизиндеги Керч кысыгынын жакындарында Орусиянын аскердик кемелери ок аткан.

Украина деңиз күчтөрү командирлиги Азов деңизиндеги Керч кысыгына жакын жерде Орусия федерациясынын коопсуздук кызматына таандык чек ара коопсуздугу кемесинен Украина аскердик кемелерине ок атылгандыгын жана 6 Украина аскеринин жаралангандыгын жарыялап, кемелердин Орусия атайын күчтөр тарабынан колго түшүрүлгөндүгү билдирилген болчу.

Украина Кара деңизде Керч кысыгы жакындарында Орусиянын аскердик кемелеринин Украина аскердик кемелерине куралдуу кийлигишүүдө болушунан улам аскердик абал жарыялаган.



Тектеш кабарлар