АКШда Жорж Герберт Уокер Буш үчүн эскерүү салтанаты өткөрүлдү
Буштун сөөгүнүн шаршемби күнгө чейин Конгрессте болушу пландалууда.
1100156
АКШнын вице - президенти Майк Пенс жума күнү каза болгон мурунку президенттерден Жорж Герберт Уокер Буш үчүн конгрессте өткөрүлгөн эскерүүгө катышты.
Пенс 94 жашында каза болгон 41- президент Жорж Буштун үй - бүлөсүнө көңүл айтты. Эскерүү салтанатына Конституциялык сотунан соттор да катышты. Салтанатта өзөчө көп сандаган сенатор сөз сүйлөп Буш үй - бүлөсүнө көңүл айтышты.
Эскерүү салтанатынын негизинде Буштун сөөгүнүн шаршемби күнгө чейин Конгрессте болушу пландалууда.
Бир канча убакыттан бери дарыланып жаткан Буш Тексас штатынын Хьюстон шаарында 30 - ноябрь жума күнү каза болгон. Буштун 1989 – 1993 - жылдары кызмат мөөнөтү өзгчө советтер союзунун кулоо процессине туш келиши менен тарыхтагы ордун алган.