Ибу жанар тоосунда бир катар жарылуулардан кийин эскертүү деңгээли эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү
Индонезия Геология башкармалыгынын жооптууларынан Мухаммед Вафид өткөн аптадан бери жарылуулар болуп жаткан Ибу жанар тоосуна байланыштуу билдирүү жасады.
Индонезиянын Түндүк Малуку провинциясындагы Ибу жанар тоосунда бир катар жарылуулардан кийин эскертүү деңгээли эң жогорку деңгээлге жогорулады.
Индонезия Геология башкармалыгынын жооптууларынан Мухаммед Вафид өткөн аптадан бери жарылуулар болуп жаткан Ибу жанар тоосуна байланыштуу билдирүү жасады.
Вафид штаттын Халмахера аралындагы жанар тоонун вулкандык кыймылынын иликтөөлөрүнүн натыйжасында эскертүү деңгээлинин эң жогорку деңгээл болгон 3төн 4кө көтөрүлгөнүн белгиледи.
Жетекчилер жергиликтүү элге жана туристтерге 1325 метр бийиктиктеги Ибу жанар тоосунун 7 километр айланасында эч кандай иш - аракет кылбоого чакырды.
13 - майда Ибу жанар тоосунун жарылышынын натыйжасындаайланасында күл булуттары пайда болгон.
Вулканология жана геологиялык коркунучтарды азайтуу борбору (PVMBG) жарылуу учурунда жанар тоо чыгарган күлдүн чокудан болжол менен 5 километр бийиктикке жеткенин жана жарылуунун 5 мүнөт 6 секундага созулганын белгилеген.