БУУ : "Газага жардам таратуу дээрлик мүмкүн эмес"

Израилдин катуу кол салууларына кабылган Газада азык-түлүк тартыштыгы жана ачарчылык күн өткөн сайын күч алууда.

2140482
БУУ : "Газага жардам таратуу дээрлик мүмкүн эмес"

Кагылышуулар  уланып жаткан Газа тилкесинде үзгүлтүксүз күйүүчү май агымы болбогондуктан жардамдарды таратуу ишинин  дээрлик мүмкүн эмес экендиги билдирилди. 

Бириккен Улуттар Уюмунун  Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) X социалдык медиа платформасынан берилген билдирүүдө Газага баруучу өткөөлдөрдүн бир нече күндөн бери жабык экендиги жана кирүүнүн коопсуз же логистикалык жактан ылайыктуу эместиги белгиленди. .

Билдирүүдө : "Үзгүлтүксүз күйүүчү май күйүүчү май агымынын болбошу туруксуз кабарлашуу жана уланып жаткан кагылышуулардан улам Газа тилкесинде жардамдарды таратуу мүмкүн эмес",- деп айтылып, бул абалдын  2 миллиондон ашуун палестиналыкта кыйратуу таасир жараткандыгы баса белгиленди.

Израиль армиясы Газанын Египетке ачылган Рафах чек ара капкасын 7 - майда басып алды. Израилдин катуу кол салууларына кабылган Газада азык-түлүк тартыштыгы жана ачарчылык күн өткөн сайын күч алууда.

Рафах чек ара капкасынын Израиль күчтөрү тарабынан басып алынышы жана жабылышы менен Газага кирген гуманитардык жардам ташыган унаалардын санынын олуттуу түрдө азайгандыгы белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар