Түштүк Кореядан атомдук курал тууралуу билдирүү

Түштүк Кореянын биригүү министри Чо Мунг  - гион Түндүк Кореянын 20 – 60 чамасында атомдук куралга ээ экендиги болжолдолгондугун айтты.

1060708
Түштүк Кореядан атомдук курал тууралуу билдирүү

Түштүк Кореянын биригүү министри Чо Мунг  - гион Түндүк Кореянын 20 – 60 чамасында атомдук куралга ээ экендиги болжолдолгондугун айтты.

Чо парламентте бир депутаттын берген суроосу боюнча Түндүк Кореянын 20 – 60 чамасында атомдук бомбасынын болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Биригүү министрлигинен берилген маалымтта да Чонун айткандарынын Түштүк Кореянын түндүктү бир атомдук мамлекети катары көрөт деген мааниге келбегендигин айтты.

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өткөн айда Түндүк Кореянын борбор шаары Пхеньянда жолугушкан.

Саммиттен кийин жарыяланган маалыматта АКШнын керектүү кадамдарды ташташы менен Түндүк Кореянын жарым аралдын атомдук куралдардан тазаланышы тууралуу дагы көп кадам таштай тургандыгы баса белгиленген.

Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын ортосунда 1953 -  жылы кол коюлган ок атышпоо менен согуштун акырына чыккан болсо да бир тынчтык келишимине кол коюлбагандыгы үчүн согуштун техникалык жактан азыр да улантылып жаткандыгы кабыл алынууда.



Тектеш кабарлар