Орусия Түндүк Корея кризисинде АКШны күнөөлөдү

АКШ Түндүк Кореяны козутуп жатабы?

858484
Орусия Түндүк Корея кризисинде АКШны күнөөлөдү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Түндүк Кореяны козутуп жатканын жактады.

«Пхеньян башкаруучулугу АКШнын айынан катуу кадамдарды таштоого аргасыз болууда»,-деген Лавров: «Бардык нерсе Ким Чен Ындын опурталдуу кадамдарды таштоосу үчүн жасалып жаткан сыяктуу»,-деди.

Лавров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн барган Беларустун борбор шаары Минскте Пхеньян башкаруучулугунун кечээ өткөргөн континенттер аралык баллистикалык ракета сыноосуна сереп салды.

Түндүк Кореяга карай экономикалык санкциялардын болсо ишке жарабай турганын ойлогондорун түшүндүргөн Лавров: «Орусия АКШнын Корея кризисинин чечилүүсүнө карай сунуштарын туура көрбөй эле»,- деп айтты.

Түндүк Корея кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 02.48де жаңы муундагы континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынаганын билдирген.

Учурулгандан кийин 53 мүнөт белгиленген багытта бараткан ракета Япон деңизине түшкөн болчу.



Тектеш кабарлар