Түндүк Каролинада абакта чыккан өрттө эки абак кызматкери каза тапты

Түндүк Каролинага караштуу Элизабет Ситиде аймак полициясынын текшерүүсү астындагы Паскуотак абагынан качууга аракет кылган кылмышкерлер өрт чыгарышты.

826095
Түндүк Каролинада абакта чыккан өрттө эки абак кызматкери каза тапты

АКШнын Түндүк Каролина аймагында  абактын эки кызматкери качууга аракет кылган кылмышкерлер чыгарган өрттө каза тапты.

Түндүк Каролинага караштуу Элизабет Ситиде аймак полициясынын текшерүүсү астындагы Паскуотак абагынан качууга аракет кылган кылмышкерлер өрт чыгарышты.

Окуя тууралуу маалымат берген Түндүк Каролина коомдук коопсуздук мекемеси өрттө эки абак кызматкеринин каза болгондугун жарыялады.

Жараланган 10 кишинин ооруканага жаткырылгандыгын билдирген мекеме окуяларда эч бир кылмышкердин кача албагандыгын билдирди.

Коомдун коопсуздук мекемеси өзгөчө толугу менен эркек кылмышкерлерден турган 729 киши кармалган абакта  410 кызматкердин иштегендиги тууралуу кабарды бөлүштү.

 



Тектеш кабарлар