Түштүк Корея Түндүк Кореяга каршы колдоно турган тактикасын жарыялады

Түштүк Кореянын маалымат агенттиги Йонхапка маалымат берген аскердик жооптуу кызматтагылар, аты аталган куралдын өзгөчөлүктөрүн коомдук пикир менен бөлүштү.

824945
Түштүк Корея Түндүк Кореяга каршы колдоно турган тактикасын жарыялады

Акыркы убакта Түндүк Кореянын коркутууларына дуушар болгон Түштүк Корея, ядролук коркутууларга каршы амалды карартуучу бомбада тапты.

Түштүк Кореянын маалымат агенттиги Йонхапка маалымат берген аскердик жооптуу кызматтагылар, аты аталган куралдын өзгөчөлүктөрүн коомдук пикир менен бөлүштү.

Карартуучу бомбанын эң көп көңүл бурган өзгөчөлүгү электр чубалгылардында ток урууну пайда кылып кол салуу боло турган аймакты толугу менен караңгы түнгө чөмүлтүү...

Түштүк Кореянын Түндүк Кореяга кыр көрсөтүш үчүн тааныткан куралдын аты да өзгөчөлүгүнөн алынган.

Башкача айтканда каратуучу бомбасы кол салуу болгон аймактагы электрондук аппараттардын иштөөсүн токтотуп коет. Мындайча айтканда душман технологиясын локалдык түрдө таасирсиз кылат.

Түштүк Кореянын бул куралы ыктымалдуу атомдук кол салуу болсо Түндүк Кореянын кол салуусуна бөгөт болуш үчүн бул комплекстерге каршы колдонула турганы белгиленген.

Карартуучу бомба эң алгач Американын армиясы тарабынан 1991-жылы Перс булуңу согушу убагында колдонулган.

Бул курал 1999-жылы НАТО тарабынан Сербияда да сыналган.



Тектеш кабарлар