Сауд ханзаада көз жумду

26 жаштагы ханзааданын каза болгону билдирилди

785992
Сауд ханзаада көз жумду

Сауд Арабия Королдугу, 26 жаштагы ханзаада Салман бин Абдуллах бин Турки Аль Сауддун көз жумганын билдирди.

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттигинде (SPA) орун алган кабарга караганда, ханзаада Салман бин Турки Аль Сауд каза болду.

26 жаштагы ханзааданын өлүм себеби туурасында маалымат берилген жок. Eremnews маалымат агенттиги, ханзааданын жакындарынын айтымы боюнча Аль Сауддун жүрөк пристубунан көз жумганын билдирди.  



Тектеш кабарлар