Сирияга таандык учак атып түшүрүлдү
Табка районунда операция жүргүзүлдү
755195
АКШ Сирия режимине таандык согуштук Су-22 учагын Ракканын түштүгүндө атып түшүрдү.
Сирия режимине таандык согуштук учактар, Табка районунда жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ да арасында болгон топко кол салды.
Аскердик эрежелерге ылайык коалиция учактары тарабынан операция жүргүзүлдү жана режим күчтөрүнө таандык согуштук учак атып түшүрүлдү.
Коалиция күчтөрү тарабынан, «Сириядагы жикчил террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүп жаткан коалициялык күчтөргө каршы режимдин душман сыяктуу ниетине жол берилбейт» деген билдирүү айтылды.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.