Орусия бул жылы Кара деңизде бургулоо ишин баштайт

Роснефттин СЕОсу  Игорь  Сечин бул жылдын ичинде Кара деңизде бургулоо иштеринин баштатыларын айтты

704881
Орусия бул жылы Кара деңизде  бургулоо ишин баштайт

Орусиянын эң чоң нефть фирмасы Роснефт бул жылы Кара деңиздеги бургулоо иштерин баштайт.

Орусиянын Түндүк уюлда орун алган Хатанга аянтында башталган жаңы бургулоо иштеринин ачылышында сөз сүйлөгөн Роснефттин СЕОсу  Игорь  Сечин бул жылдын ичинде Кара деңизде бургулоо иштеринин баштатыларын айтты. Роснефттин келерки жылы Баренц деңизинде да бургулоо иштерин башташарын белгилеген Сечин 2019 – жылы болсо Сибирдин түндүгүндө орун алган Кара деңизде изилдөө иштеринин башталарын белгиледи.

Фирмадан бир канча убакыт мурда берилген маалыматта Кара деңиздеги бургулоо иштери үчүн Италиянын Ени фирмасы менен кызматташтыктын пландалгандыгы белгиленген болчу. Нефть өндүрүү көлөмү жактан дүйнөнүн эң чоң нефть фирмасы болгон Роснефттин Кара деңизде төрт, Баренц деңизинде болсо жети  нефть жана жаратылыш газ аянты бар.



Тектеш кабарлар