Орусия: "Клещеевканы көзөмөлгө алдык"

Министрликтин билдирүүсүндө, 2022-жылдын февраль айынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы орус аскер бөлүктөрүнүн иш-аракеттери тууралуу маалымат берилди.

2142924
Орусия: "Клещеевканы көзөмөлгө алдык"

Орусиянын Коргоо министрлиги, Донецк облусундагы Клещеевка отурукташуу жеринин орус армиясынын көзөмөлүнө өткөнүн билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, 2022-жылдын февраль айынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы орус аскер бөлүктөрүнүн иш-аракеттери тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө: «Түштүк аскер тобунун бөлүктөрү жигердүү аракеттердин натыйжасында Донецк Элдик Республикасынын Клещеевка аймагын куткарды»,-деп айтылды.

Ошондой эле Украина армиясына таандык 2 ок-дары кампасынын жок кылынганы жана 34 учкучсуз учуучу аппараттын орус абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Мындан тышкары: «Аскердик операция башталгандан бери Украина армиясына таандык 601 учак, 274 тик учак, 24 миң 498 учкучсуз аппарат, 523 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 16 миң 121 танк жана бронетехника, 1307 көп стволдуу ракета аткычтар, 9 миң 740 гаубица жана миномет, 21 миң 915 атайын аскердик техника жок кылынды»,-деп кабарланды.



Тектеш кабарлар