Дмитрий Песков орус активдеринен түшкөн кирешенин колдонулушу тууралуу билдирди

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Европа Биримдигинин орус активдеринен  түшкөн кирешелердин Украина үчүн колдонулушунун эл аралык каржы эрежелерине терс экендигин айтты.

2143017
Дмитрий Песков орус активдеринен түшкөн кирешенин колдонулушу тууралуу билдирди

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Европа Биримдигинин орус активдеринен  түшкөн кирешелердин Украина үчүн колдонулушунун эл аралык каржы эрежелерине терс экендигин айтты. 

Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тоңдурулган орус активдеринен түшкөн кирешени Украинаны коргоо үчүн колдонууга макулдугуна баа берди.

Европа Биримдигинин "шектенүү" менен чечим чыгаргандыгын белгилеген Песков : "Мындай чечимдердин жана жыйынтыктарынын потенциалдуу коркунучун түшүнгөнү үчүн (орус активдерине карата) жеңилдетилген бир чечимди бекитишти",- деди. 

Орус активдерине карата чечимдин "опузалоо" экендигин айткан Песков : "Бул кирешелердин баары бизге таандык жана булардын башка максаттарга которулушу эл аралык каржы системасынын бардык эреже жана нормаларына терс",- деди. 

Дмитрий Песков  чечимдин кандай ишке ашырыларын жакындан иликтеше тургандарын белгилеп, бул тууралуу Россиянын бере турган жообуна байланыштуу иштерди жүргүзгөндөрүн айтты. 

Европа Биримдиги Кеңеши кечээки билдирүүсүндө Россиянын тоңдурулган активдеринен алынган  кирешелери үчүн даярдалган пландын мүчө өлкөлөр тарабынан кабыл алынганын билдирген.

Буга ылайык, Россиянын активдеринен түшкөн пайда Украинаны коргоо жана кайра курууну колдоого жумшалат.

Батыш өлкөлөрү Россияга тиешелүү болжол менен 300 миллиард долларлык активдерди тоңдурган.

 

 



Тектеш кабарлар