Ирандын ракета сыноосу

Иран Хүрмүз - 2 баллистикалык ракета сынагынын ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын айтты

689054
Ирандын ракета сыноосу

Иран Хүрмүз - 2 баллистикалык ракета сынагынын ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын айтты. Тесним кабар агенттигинин кабарына караганда билдирүү Иран Төңкөрүш гвардиясынын аба – космостук күчтөрүнүн командири генерал Эмир Али Хажызадеден келди. Генерал Хажызаде Хүрмүз - 2 баллистикалык ракета сынагынын өткөн күндөрдө ийгиликтүү аткарылгандыгын айтты. Хажызаде ракетанын 250 километр аралыктагы бутаны жардыргандыгын билдирди.

Хүрмүз - 2нин баллистикалык бир деңиз ракетасы экендигин белгилеген Хажызаде ракетанын кыймылдуу буталарды ата аларын жана 300 километр аралыкка ээ экендигин белгиледи.

Иран өткөн айда да ракетасын сынаган. Ушул себептен АКШ Тегеран башкаруусуна нота берген. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимине караганда Ирандын атомдук дүрмөт ташый турган баллистикалык ракета чыгаруусуна тыюу салынган.



Тектеш кабарлар