Үч кепил өлкө Сириянын көз карандысыздыгын жана жеринин бүтүндүгүн урматтайт

Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында үч өлкө кабыл алган биргелешкен жарыя Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов тарабынан окулду.

658492
Үч кепил өлкө Сириянын көз карандысыздыгын жана жеринин бүтүндүгүн урматтайт

Казакстандын борбор калаасы Астанадагы Сирия тууралуу сүйлөшүүлөрдүн кепил өлкөлөрү Түркия, Орусия жана Иран, Сирияда ок атышпоонун текшерилиши үчүн үчтүк механизмдин түзүлүүсүнө чечим чыгарды.

Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында үч өлкө кабыл алган биргелешкен жарыя Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов тарабынан окулду.

Билдирүү текстине караганда Орусия, Түркия жана Иран Сириядагы ок атышпоонун текшерүүгө алынышы үчүн үчтүк мехинизм түзүүгө чечим чыгарышты.

Муну менен аянттагы ок атышпоо чөйрөсүнүн байкалышы жана ишке ашырылышынын камсыздалышы көздөлүүдө.

Сириядагы кризистин аскердик  чечими болбогонун баса белгилеген үч кепил өлкө, эл аралык коомчулукка Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин 2254 номердүү токтомундагы кадамдардын ишке ашырылышы үчүн Сириядагы саясий процессти колдоого алуулары чакырыгын салды.

Түркия, Орусия жана Ирандын оппозциядагы топтордун Швейцариянын Женева шаарындагы жолугушууларына кошулууну каалоолорун колдогондору белгиленген билдирүүдө, үч кепил өлкөнүн Сириядагы куралчан оппозициячылдардын террорист топтордон ажыратылышынын керектүү экендиги баса белгиленди.

Буларга кошумча түрдө үч өлкө Сириянын көз карандысыздыгына жана жеринин бүтүндүгүнө «урмат сый көрсөтүшкөндүктөрүн» кайталашты.

Үч кепил өлкөнүн Сирияда терроризм менен биргелешип күрөшүүгө даяр болгондору да айтылган билдирүү текстинде, Астана болсо «сириялык тараптардын диалог куруулары үчүн таасирдүү платформа» болгону баса белгиленди.



Тектеш кабарлар