ЕБ өлкөлөрүндө террор менен күрөшүү боюнча чара көрүүлөрү ченемсиз жана бөлүүчү

Эл аралык Мунапыс уюму тарабынан жарыяланган бир отчетто ЕБнин жалпысындагы террор менен күрөшүү ыкмаларына катуу сындоолор айтылды.

654392
ЕБ өлкөлөрүндө террор менен күрөшүү боюнча чара көрүүлөрү ченемсиз жана бөлүүчү

Эл аралык Мунапыс Уюму, Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүндө террор менен күрөшүү боюнча чара көрүүлөрүнүн ченемсиз жана бөлүүчү болгонуна көңүл бурду.

Эл аралык Мунапыс Уюму тарабынан жарыяланган бир отчетто ЕБнин жалпысындагы террор менен күрөшүү ыкмаларына катуу сындоолор айтылды.

ЕБ өлкөлөрүндө коопсуздук саясаттарынын коркунучтуу жана тең салмаксыз болгону баса белгиленген отчетто «2016-жылы Франция жана Германиядагы террордук кол салуулардан кийин шашылыш түрдө көрүлгөн чаралар ченемсиз жана бөлүүчү мүнөзгө ээ» деген сүйлөм орун алды.

Отчетто террор менен күрөшүүгө карата көрүлгөн чаралардын негизги эркиндиктерге зыян тийгизгени баса белгиленди.

Францияда өзгөчө кырдаалдын узартылганы сындалган отчетто, өлкөдө бул ишке ашыруу менен сот чечими болбостон үйлөрдүн тинтилиши жана демонстрацияларга тыюу салынышы сыяктуу чаралардын күн тартипке келгени эске салынды.

Өлкөлөрдүн террор менен күрөшүү мыйзамдарынын, адам укуктарын жактоочуларды да бутага алгыдай түрдө өзүм билемдик түрүндөгү ишке ашыруу жолуна түшкөнүн алдыга койгон отчетто, бул абалга Франциянын Париждеги БУУнун климат конференциясында айлана-чөйрөнү коргоочуларга үй абагын киргизүүсү мисал катары көрсөтүлдү.

Француз сотторунун 2015-жылы 385 кишини «террорду мактоо» кылмышы менен соттолушу да башка бир мисал катары отчетто орун алды.

Уюм ноябрь айында жарыялаган отчетунда да ЕБнин качкындар боюнча саясатын катуу сынга алган.

Бул отчетто Европадагы качкындар саясатынын баш калкалоочулардын корголушунан көп, көчтү көзөмөлгө алууну максаттаганы белгиленген.



Тектеш кабарлар