Барак Обама Улутутк Коопсуздук Кеңешин чогултту

Эрнест : «Президент жана тобу Сирияда саясий чечүүчү жолго өтүү процесси тууралуу ыктымалдарды сүйлөштү»,- деди

488645
Барак Обама Улутутк  Коопсуздук Кеңешин чогултту

АКШнын президенти Барак Обама террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүүнү сүйлөшүү максатында Улуттук Коопсуздук Кеңешин чогултту.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест күнүмдүк басма сөз жыйынында президент Обаманын Улуттук Коопсуздук Кеңеши менен өткөргөн жыйын тууралуу маалымат берди.

Эрнест жыйындын акыркы айларда өткөрүлгөн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйындарынын бир бөлүгү экендигине көңүл буруп, АКШ Борбордук Чалгындоо Уюму, тышкы иштер министрлиги жана коргоо министрлигинен жетекчилердин катышканын айтты. Жыйында Обамага Ирак жана Сирияда ДЕАШка карата жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалымат берилди. Эрнест : «Президент жана тобу Сирияда саясий чечүүчү жолго өтүү процесси тууралуу ыктымалдарды сүйлөштү»,- деди.



Тектеш кабарлар