Орусиянын жүк ташуучу космостук кемеси

Орусиянын жүк ташуучу космостук кемеси ийгиликтүү учурулду.

330675
Орусиянын жүк ташуучу космостук кемеси

Жер шарынын орбитасындагы Эл аралык космостук станцияга толуктоочу материалдарды ташыган Орусиянын учкучсуз космостук кемеси «Прогресс» ийгиликтүү учурулду.
Эки жарым тонналык материалды алып бараткан Орусиянын жүк ташуучу кемеси, Казакстандын Байкоңур космодромунан Союз ракетасы аркылуу учурулду.
Апрель айында дагы бир «Прогресс» космостук кемеси станцияга сапары убагында орбитадан чыгып кетип, атмосферада талкаланган болчу.
Өткөн айда Американын бир космостук кемеси учурулгандан кийин көп өткөп эле абада жарылган.
Акыркы эки сапардын ийгиликсиз болушуна карабастан жер шарынан 440 километр бийиктикте болгон космостук станциядагы 3 кишилик экипаждын көпкө жете тургандай тамак-аш запазы бар экени баяндалууда.
Орус жооптуулары Прогресстин бул жаңы сапары үчүн 6 саатка созулган кыска сапардын ордуна эки күнгө созула турган багыттын тандалганын белгилешти.
Прогресстин жекшемби күнү станцияга конуусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар