Жүк ташуучу кемесиндеги 970 мыйзамсыз мигрант куткарылды
Италияга ноябрь айында деңиз жолу менен 160 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант келген
Грециянын Корфу аралынын жакындарында экипаж тарабынан кароосуз калтырылган жүк ташуучу кемедеги мигранттар куткарылып Италияга алып барылды.
Греция жардам чакыруусу менен окуя болгон жерге бир согуштук кеме жана эки тик учар жиберди. Кеме Грециянын чек арасынан чыккандан киийн Италиянын жээк коопсуздугу тарабынан Италиянын Гелиболу портуна чыгарылды. Кеменин экипажынын адам качырганын жана кармалып калбаш үчүн кемени таштап кеткени болжолдолууда. Көпчүлүгү сириялык жана күрт экени белгиленген мигранттар убактылуу тегеректеги мектептерге жайгаштырылды. Мигранттардын бир бөлүгүнүн ооруканаларда дарыланганы билдирилди. Окуя тууралуу бир Молдова жаранынын камоого алынганы белгиленди. БУУнун берген маалыматына караганда Италияга ноябрь айында деңиз жолу менен 160 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант келген.