Каспий саммитинин алтынчысы Астанада өткөрүлөт

Каспий деңизинин укуктук статусунун белгиленүүсүнө карата иштер улантылууда

145295
Каспий саммитинин алтынчысы Астанада өткөрүлөт

Астраханда өткөрүлгөн Каспийге жээктеш өлкөлөр саммитинде Каспийдин укуктук статусунун белгиленишине карата маанилүү келишимдерге кол коюлду. Орусия, Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстан жана Ирандын президенттери саммитте 5 келишимге кол койду. Келишимдер Каспий деңизинде экологиялык тең салмактуулуктун жана биологиялык булактардын сакталуусу жана колдонуу менен күтүлбөгөн абалдарда кызматташтыкты күтүүдө. Лидерлер тарап өлкөлөрдүн Каспий деңизинин булактарын колдонуу чектерин да белгиледи. Ушуга караганда суу бетин колдонуу чеги ар бир мамлекет үчүн 15 деңиз миль, балык уулоо үчүн 10 деңиз миль болот. Келишимдерде коопсуздук тууралуу да кенен орун берилди. Коопсуздук тууралуу маселелердин сүйлөшүүлөр менен чечилүүсү жана Каспий деңизинде чет элдик аскердик күч жайгаштырбоо саммитте жактырылган маанилүү темалардын арасында орун алды. Бул келишимдердин Каспийдин укуктук статусу тууралуу акыркы келишимде орун алуусу күтүлүүдө.
Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Халеф Халефов өткөргөн пресс – жыйында Каспийдин статусунун белгиленишине карата сүйлөшүүлөрдө эң чоң өнүгүүнүн Астрахань саммитинде ишке ашканын билдирди. Саммитте келишим түзүлө албаган темалардын башында Каспийдин энергетика булактарынын бөлүшүлүүсү турат. Бул темада Азербайжан, Орусия жана Казакстан бирдей көз карашта болсо да Түркмөнстан менен Иран башка диссертацияларды жактоодо. Акыркы чечүүчү жолго карата саммиттердин бешинчиси болсо 2016 – жылы Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар