Орусия Францияны эскертти

Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Европа департаментинин башчысы Артём Студенников “РИА Новости” агенттигине маалымат берди.

2142967
Орусия Францияны эскертти

Орусия Франция менен карым-катнаштарынын "кансыз согуш мезгили менен да салыштырылгыс терең кризисте" экенин билдирди.

Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Европа департаментинин башчысы Артём Студенников “РИА Новости” агенттигине берген интервьюсунда, “Орусия-Франция мамилеси чындап эле терең кризисте, кырдаалды кансыз согуш мезгили менен да салыштырууга болбойт. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары, бир гана саясат жана экономика эмес, маданият, билим берүү жана спорт тармагындагы алакаларга да француздар тоскоолдук жаратууда»,-деди.

Париждин Украинага аскер жиберүү пландарына токтолгон Студенников: «Чындыгында мындай сценарий болгон учурда каршы чаралар саясий чөйрөнүн чегинен чыгып кетет. Бул тууралуу француз тарапты көп жолу эскерткенбиз»,-деди.

Студенников ошондой эле мунун Москванын тандоосу эмес, «Батыштын Орусияга көптөгөн жылдар бою колдонуп келген, акыры гибриддик согушка айланган репрессия саясатынын» натыйжасы экенин айтты.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон эгер орус армиясы фронттун чегине кирип кетсе жана Киев жардам сураса, Украинага аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн сактай турганын билдирген.



Тектеш кабарлар