Глобалдык ысуу боюнча саммит өтүп жатат

Глобалдык ысуудан кыска мөөнөттө жакыр, узун мөөнөттө болсо бай өлкөлөр терс таасир алышат.

135327
Глобалдык ысуу боюнча саммит өтүп жатат

192 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан Нью-Йорктогу Климат өзгөрүүсү боюнча саммитте парник газынын эмиссиясын азайта турган чараларды көрүү каралат.
Акыркы 20 жылдан бери дүйнө жүзүн алагды кылган климаттык өзгөрүүгө байланыштуу иш-чаралар ортого койгон көрүнүш ич жылытаарлык эмес.
Бириккен Улуттар Уюму жарыялаган акыркы климаттык өзгөрүү боюнча отчетуна караганда, кургактыкта жогорулаган ысуунун себебинен өсүмдүктөрдүн түрлөрү жана жаныбардын пародаларынын көпчүлүгү жер шарынын түндүк жарымында гана жашай алышмакчы.
Ушундай уланып олтурса азык-түлүктөрдүн баасы да абдан өсүп кетиши ыктымал.
Отчетто сел апааттары жана ысык абанын себебинен өлүмдөр көбөйө турганы баса белгиленген.
Бул абалдан кыска мөөнөттө жакыр, узун мөөнөттө болсо бай өлкөлөр терс таасир алышат.
Андан башка бир отчет болсо бир канча күн мурда жарыяланды.
Отчетко ылайык казылып алынган күйүүчү отундардын жагылышы жана цемент өндүрүүнүн себебеинен көмүр кычкыл газынын эмиссиясы 2013-жылы 2,3 пайыз өстү.Б.а. дүйнө жүзүнүн калган 2 градустук көмүр кычкыл газ квотасы 30 жылдын ичинде түгөнгөн болот.
Учурда жер шарына Кытайдан көмүр кычкыл газынын эмиссиясы 30 пайызды түзүүдө.
Кытай бул катнаш менен АКШ жана Европадан чыккан көмүр кычкыл газынан дагы көп газды эмиссия кылууда.
Ошондуктан бүгүн өткөрүлгөн саммитте Кытайдын чыгара турган чечиминин олуттуу мааниси бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар