Апталык анализ - 5.2024

Жакынкы Чыгыш чоң согушка карай баратабы?

2096901
Апталык анализ  - 5.2024

Ирак, Сирия жана Иордания үч бурчтугунун стратегиялык пунктундагы АКШ базасы Tower 22 камикадзе дрондорунун бутасы болду жана кеминде   АКШнын 3 аскери каза болуп,  35 аскер жаракат алды. АКШны дүрбөлөңгө салган бул кол салуунун аткаруучусу катары Иракта шиит террористтер түзгөн Исламдык каршы туруу алдыга чыкты. Кол салуудан кийин  Байден иш-аракет багытын жана ага кандай жооп кайтарууну тандоодо кыйынчылыкка учурап, Жакынкы Чыгышта АКШ  -  Иран жана союздаштарын камтый тургандай чоң бир согуштун чыгып же чыкпай турганы тууралуу белгисиздигин сактоодо.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.  

7 -  октябрда "Акса топону" операциясы менен башталган жана Израилдин Газадагы геноцидге барган агрессиясына каршы Иран жана ишенимдүү тараптары тарабынан башталган кагылышуулар, окуялар аймактык согушка айланабы деген кооптонууну жаратты. Бирок Иранда Хизбуллах жана башка ирактык шиит топтору кагылышуулардын көзөмөлгө алынуу менен улантылышына шарт түзүштү. Ал түгүл айрым учурларда Израилдин чагымчыл аракеттерине «стратегиялык сабыр» менен көзөмөлдөө менен  жооп берүүнү тандашты.  Мунун бир өзгөчөлүгү катары Йемендеги Ансаруллах кыймылы жана хуситтерди көрсөтүүгө болот. Кызыл деңиз жана Бабул Мендебди Израиль жана союздаштарынын кемелерине жабуусу чоң бир эскалация деген мааниге келип жаткан жана Йеменге каршы АКШда Британиянын колдоосу менен аба операцияларын баштады.

Бирок бул акыркы окуя жана АКШ аскердик базасынын Ирак, Сирия, Иордания үч бурчтугунун да бута болушу жаңы бир учкун дегенди билдирет.

Буга чейин Ирак  - Сирия аймагындагы америкалык базаларга дээрлик 200дөй кол салуу болгон, бирок булар көбүнчө символикалык чабуулдар эле жана АКШны оор абалга келтирүү үчүн гана күч көрсөтүү болду, эми болсо АКШ аскерлери түздөн - түз өлтүрүлдү. 

 Албетте мындан кийинки процесстин жана бул көзөмөлгө алынган кагылышуулардын кандай түзөлөрүнө Байден чечим чыгарат. Өзү АКШ коомчулугунда өзгөчө  республикачылдар да кысым астында жана түздөн түз Иранга сокку урууну камтыган талаптар көп,  бирок шайлоо боло турган өлкөдө Иран менен согушуу чечимин чыгаруу оңой иш эмес, бүтүндөй Жакынкы Чыгышты жана албетте АКШ менен союздаштарынын кызыкчылыктарын да коркунучка сала турган чоң бир өрткө себеп болот. Байден дагы чектүү жазаландыруу операцияларына карап жатат, ушундайча алсыз  көрүнбөстөн коомчулукка бир нерсе сунуштап, Иранга карата да баш тарттыруучу аракет болот. Ирак жана Сирияда Иранга караштуу элементтер жана өкүлдөр аба операцияларынын бутасы болот. Ошондуктан, учурда чоң  согуштун ыктымалдыгы азыркы учур үчүн өтө жогору эмес. Бирок Израилдин Газаны басып алуусу жана кыргындары уланган сайын Жакынкы Чыгышта эч ким тынчтыкта ​​жашай албайт. Буга АКШ жана анын союздаштары кирет.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун пикирин уктуңуздар.  



Тектеш кабарлар