Апталык анализ - 4.2024

Түрия  -  Иран карым  - катнаштары жана Реисинин Түркия сапары

2094030
Апталык анализ - 4.2024

Ирандын президенти Ибрахим Реиси 2024-жылдын 24-январында министрлер жана жогорку мартабалуу бюрократтардан турган чоң делегация менен Түркияга келди. Анкара - Тегеран карым – катнаштарында  салттуу атаандаштык  - кызматташтыктын ортосунда болуп жана аймактык маселелерди дагы да кечеңдете албаган  мезгилде ишке ашкан бул сапар эки өлкөнүн орток маселе жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча диалогго ачык экенин көрсөтүүдө. Реисинин сапары негизинен 2023 - жылдын алгачкы айларында жарыяланып жана кийинчерээк кеминде үч жолу кечеңдетилди. Акыркы кечеңдетүү Кермандагы терактка байланыштуу болгон. Бирок бул кол салуудан көп өтпөй Реисинин Анкарага келиши Иран тараптын сапарга берген маанисин көрсөтүүдө.

СЕТАнын Коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Албетте, эки тарап көп маселелер боюнча бири-биринен айырмаланса да көп маселелерде да жалпы кызыкчылыктарынын бар экенин билебиз. Мындай сапарлар мүмкүн болушунча орток кызыкчылык жана  мамилелердин арттырылышы, айырмачылыктарды да башкарыла ала турган деңгээлге чыгаруу максатында. Сапардан мурда Иран медиасында чыккан Түркия сындарын тең салмактоо үчүн мамлекеттик медиада анализдердин орун алышы жана Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахияндын Түркиядан бир гезитке конструктивдүү жана оң макала жазышы Иран тарабынын сапардын күтүлгөн функциясына байланыштуу таштаган кадамдарды чагылдырууда.

Түркия - Иран Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин сегизинчи жыйыны өткөрүлгөн бул сапарда экономика жагынан маанилүү темалардын сүйлөшүлгөнүн айтууга болот. Айрыкча соода көлөмүн көбөйтүү максатында энергетика, чек ара аймактарындагы соода-сатык, бажы мыйзамдары жана өз ара инвестиция сыяктуу маселелердин  талкуулангандыгы көрүнүүдө. Түрк тараптан казына жана каржы министри Мехмет Шимшек, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, Борбордук банктын төрайымы Хафизе Гайе Эркандын болушу сүйлөшүүлөрдүн экономика жагынан маанисин көрсөтүүдө.

Мындан тышкары аймактык маселелер Түштүк Кавказ, Палестина, Сирия, Ирак, Йемен жана Чыгыш Жер Ортолук деңизин камтыгандай түрдө чечилип жаткансыйт. Түрк тараптан тышкы иштер министри Хакан Фидан, ички иштер министри Али Йерликая, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер жана Улуттук Чалгындоо Уюмунун директору Ибрахим Калындын катышуусу аймактык саясат жана коопсуздукка байланыштуу маселелердин талкууланып жатканын көрсөтүүдө. Бул маселелердин арасында эки өлкөнү тең кызыктырган эң маанилүү тема орток коркунуч болгон терроризм маселеси экендиги байкалууда. Президент Режеп Таййип Эрдоган: «ПКК/ПЙД/ЙПГ жана ПЖКка каршы Иран менен кызматташтыгыбызды күчтөндүрүүнүн маанисине токтолдук»,-деди. Ирандын президенти терроризмди аймактан тышкаркы күчтөрдүн азыктандырып, колдонуп жатканын билдирди. Бул учурда региондон тышкаркы күчтөрдүн таасирин чектөө үчүн аймактык өлкөлөрдүн биргелешип аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү ортого чыгууда.

Сапардын конкреттүү жыйынтыгы катары эки өлкөнүн ортосунда түрдүү тармактарда 10 келишимге кол коюлду. Соода, транспорт, коммуникация, маданият, өнөр жай, технология, коопсуздук жана энергетика сыяктуу көп тармакты камтыган бул келишимдерге тараптардын тиешелүү жогорку деңгээлдеги бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери кол коюшту. 30 миллиард долларлык соода көлөмүнүн максаты кайрадан баса белгиленди. Коңшу өлкөнүн президенти Реиси: «Түркия менен көп жылдардан бери жакшы карым-катнаштарыбыз бар жана бул карым-катнаштарды мындан ары дагы жогорку деңгээлге алып чыгууну каалайбыз»,-деп кызматташтыкка ачык экендиктерин билдирди. Эрдоган да : «Коңшубуз Иран менен өз ара ишеним жана орток кызыкчылыктардын негизинде карым - катнашыбызды тереңдетүүгө маани беребиз»,-деп жакшы коңшулук мамилелерге басым жасады. Иш сапар өтө позитивдүү маанайда өттү. Аймак өтө оор абалда турган бул мезгилде эки мамлекеттин тарыхый жоопкерчилиги катары туруктуулукту, тынчтыкты жана коопсуздукту баса белгилөө зарыл эле.



Тектеш кабарлар