Пакистанда адамдар тик учактар менен куткарылды
Пакистанда куткаруучулар тик учактар менен жүздөгөн адамдарды суу ташкынынан куткарышты.
Видеодо Белужистан жана Хайбер-Пахтунхва облустарында жүздөгөн пакистандыктардын тик учактар менен сел апаатынан куткарылып жатканын көрүүгө болот.
Кыйратуучу селдерден кеминде 1000 адам каза болуп, өлкө боюнча 30 миллиондон ашуун адам жабыркады.