Ата мекендик бургулоочу мунара ишке киришти

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

2132897
Ата мекендик бургулоочу мунара ишке киришти

Ата мекендик жана улуттук ресурстар менен иштелип чыккан 'Кожа Юсуф' бургулоочу мунара Түркиянын эң жогорку сапаттагы мунай затын алуу үчүн Шырнак Габарда ишин баштады.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

Байрактар: «Локалдаштыруу максатыбызга ылайык иштелип чыккан «Кожа Юсуф TP1500» бургулоочу мунара Габардагы "Шейит Айбүке Ялчын" мунай кенинин 42-скважинасында бургулоо иштерин баштады»,-деп айтты.

Кожа Юсуф 5 миң метр тереңдикти бургулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.



Тектеш кабарлар