Астронавт Кук Эл аралык космостук станцияда 11 ай калат
Куктун ушундайча рекорд жаңылай турганы маалымдалды.
Америкалык аял астронавт Кристина Кук Эл аралык космостук станцияда орто эсеп менен бир жыл өткөрүп, станцияда эң узак мөөнөт калган астронавт рекордуна жетишет.
АКШнын Авиация жана космостук агенттиги НАСА, өткөн айда космоско учкан аял астронавт Куктун келээрики жылдын февраль айына чейин Эл аралык станцияда калып орто эсеп менен 11 айды ошол жерде өткөрө турганын билдирди.
Куктун ушундайча станцияда эң узак мөөнөт калган аял астронавт рекордун жаңылай турганы маалымдалды.
Космосто эң уза калган аял астронавт наамы Пегги Уитсонго таандык эле.
Пенсияга чыккан астронавт Уитсон орбитада 288 күн өткөргөн болчу.
Дагы бир америкалык астронавт Эндрю Моргандын да быйылкы жайда 9 айлык кызмат үчүн Эл аралык космостук станцияга жөнөтүлө турганы белгиленди.