Нетаньяху Блинкен менен жолугушту

Израилдин басма сөз кызматы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Нетаньяху менен Блинкендин Батыш Кудстагы премьер-министрлик кеңсесинде жолугушканы белгиленди.

2134239
Нетаньяху Блинкен менен жолугушту

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Хамас менен туткундарды алмашуу келишимине жетишүү аракеттерин талкуулоо үчүн Израилге келген Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

Израилдин басма сөз кызматы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Нетаньяху менен Блинкендин Батыш Кудстагы премьер-министрлик кеңсесинде жолугушканы белгиленди.

Билдирүүдө Нетаньяху менен Блинкендин жекеме-жеке жолугушуусунан кийин кеңейтилген жолугушуунун өткөрүлгөнү, бирок жолугушуулардын мазмуну тууралуу маалымат берилген жок.

Бир тараптан Израилдин «Валла» интернет сайтында орун алган кабарга караганда Нетаньяху Хамастын Газа тилкесиндеги кол салууларды токтотуу талабында өжөрлүгүн уланта берсе, туткун алмашуу келишимин кабыл албай тургандарын айтты.

Кабарда ошондой эле Нетаньяхунун туткун алмашуу келишими түзүлбөсө Израил армиясынын Рефахка кургактыктан чабуул жасай турганы жөнүндөгү билдирүүнү Блинкенге айтканы белгиленди.

Нетаньяху кечээки билдирүүсүндө, туткун алмашуу келишими бар-жогуна карабастан Рефахка кургактыктан кол салышарын айткан.

Израилдин ашынган оңчул каржы министри Безалел Смотрих туткундардын бошотулушу жана ок атышпоо тууралуу Хамас менен сүйлөшүлгөн учурдагы келишимди колдобой турганын, сөз болгон келишимдин бекитилиши Израил үчүн «кырсык» болоорун билдирди.

Оккупацияланган аймактардагы мыйзамсыз жөөт отурукташууларынан жооптуу болгон ашкере оңчул Улуттук миссиялар министри Орит Строк да ок атышпоо жана туткун алмашуу келишими тууралуу: «20-30 адамды (израилдик туткундарды) сактап калуу үчүн аскерлердин аракетин текке кетирген өкмөттүн жашоого укугу жок»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар