Эки галактиканын кагылышуусу
Жерден 230 миллион жарык жылы алыстыктагы Геркулес топ жылдызында орун алган эки галактиканын бири-бирине кептелип калганы көңүлдү бурууда.
АКШнын авиация жана космостук агенттиги (НАСА) эки галактиканын кагылышуусунун акыркы этабынын видеосун жарыялады.
НАСАнын Хюбль космостук телескобу тарткан видеодо, Жерден 230 миллион жарык жылы алыстыктагы Геркулес топ жылдызында орун алган эки галактиканын бири-бирине кептелип калганы көңүлдү бурууда.
Астрономдор, NGC 6052 аттуу бул абдан жаркыраган кош галактиканын «биригүүнүн босогосунда» экенин айткан.
Астроном Уильям Гершель тарабынан 1784-жылы табылган кош галактика, ал мезгилдеги формасынан улам жалгыз тартипсиз галактика деп баа берилип жаткан эле.
Бирок кийинчерээк NGC 6052нин бул түшүнүксүз абалынын чындыгында эки галактиканын кагылышуусунун натыйжасында пайда болгону белгиленди.
Галактикалар бири-бирилерине жакындаган сайын ар бириндеги жылдыздар өз орбиталарынан чыгып жаңы орбиталарга жайгашты.
Илимпоздор Саман Жолу менен коңшусу Андромедианын эң жакынкы 4 миллиард жылдан кийин окшош тагдырга ээ боло турганын божомолдоп жатышат.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.