Безбелдектин тукуму азайып баратат

Безбелдектин тукумун сактап калуу үчүн изилдөө иштери жүрүп жатат.

902435
Безбелдектин тукуму азайып баратат

БУУнун Азык түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан, дүйнөдө уча алган эң чоң куш катары билинген безбелдектин тукумунун азайышын алдын алуу үчүн иш-аракеттер башталды.

Уюмдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, салмактары 5-15 килограмм болгон, зыяндуу курт-кумурскалар менен азыктангандыктан «дыйкандардын досу» деп билинген безбелдектин глобалдык коркунучта экени белгиленди.

Талаа аянттарында жана ээн талааларда жашаган, Эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин кызыл тизмесинде «сезимталдуу» категориясында орун алган бул куштардын ар кайсы коркунучтар менен бетме-бет келгендери айтылды.

Табыгай жашоо аянттары, кеңири айыл чарба программалары жана шаарга айландыруу сыяктуу долбоорлордон таасирленген же жабыр тарткан куштардын тукумун сактап калуу үчүн изилдөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.



Тектеш кабарлар