Вела супер галактика ядросу

Эң чоң галактика ядросу аныкталды

635936
Вела супер галактика ядросу

Астрономдор Саманчынын жолу галактикасынын жанында эң чоң супер галактика ядросун аныкташты.

Түштүк Африка, Австралия жана европалык илимпоздордон турган топ, буга чейин Саманчынын жолундагы чаң булуту жана жылдыздардын себебинен байкалбаган Вела супер галактика ядросунун, Саманчынын жолунун кыймылдуулугуна терс таасир тийгизген аябагандай чоң массага ээ болгонун билдиришти.

Австралиянын Улуттук университетинен профессор Матай Коллесс, Вела супер галактика ядросунун тартуу күчү Саманчынын жолунунун космосто өлчөлгөн кыймылдуулугу менен буга чейин картасы чыгарылган галактикалардын жайылуусу боюнча көздөлгөн кыймылдуулугунун ортосундагы айырманы аныктай алаарын баяндады.

Вела супер галактика ядросунун көлөмүнүн 2017-жылы баштала турган эки жаңы изилдөө менен тактала турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар